Аламүдүн дайрасына унаа кулап, үч киши каза тапты. Бирөө жаракат алды

  • 4 недели мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15-февралда болгон жол кырсыгынан үч адам каза болду.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) маалыматы боюнча, Бишкек-Теплые Ключи автожолунун 15-чакырымында Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жолдон чыгып, жардан Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 26 жаштагы айдоочу жана машинедеги 20-25 жаштардагы эки жүргүнчү кыз кырсык болгон жерде каза болушкан. Андан тышкары дагы бир 26 жаштагы жүргүнчү жаракат алып,  Чүй аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыгы боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты