Жерүй кенинде кырсык болуп, бир киши каза тапкан жана экөө жабыркаган
- 3 месяца мурун
27-январда Таластагы “Жерүй” алтын кенинин өндүрүш участогунда тоо теги кулап, бир киши каза таап, экөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Талас облустук ички иштер башкармалыгы маалымат таратып, кырсыкта бир киши каза таап, экөө жарат алганын билдирди.
-2026-жылдын 27-январында Талас районундагы “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү түшкөн. Анда бир жаранды «Жерүй» алтын кенинен таш басып каза болгонун айткан. Билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Окуя болгон жерге дароо облустук, райондук милициянын жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда тоо-таш кулап, 1975-жылы туулган жаранды таш басып калганы аныкталган. Мындан сырткары чогуу иштеп жаткан эки жаран алган жаракаттарынан улам ооруканага кайрылышкан. Каза болгон жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү кызматтарга суроо-талап жөнөтүлгөн» деп жазылган милициянын маалыматында.
Буга чейин “Альянс-Алтын” басма сөз кызматы “Жер үй” алтын кенинин өндүрүш участогунда кырсык болгонун кабарлаган. “БПК” аттуу поряддык компания иштеп жаткан, ал жерде тоо теги кулагандыгын билдирген. Кырсык болгон учурда аталган компаниянын төрт кызматкери иштеп жаткан. “БПК” компаниясы жер алдындагы иштердин башкы подрядчысы болуп саналат.
Азыркы учуржа ал жакта “Жер үй” алтын кенинде 20 компания иштейт.
Кырсыктын себебин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү, анын курамында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.
Иллюстрациялык сүрөт: alliance-altyn.kg




