Тик-Ток колдонуучу кармалды. Бийликти күч менен кулатууга шектелүүдө

  • 1 месяц мурун

Удуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Б.К.Ж. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран “TikTok” социалдык тармагындагы «oiboi_007» аккаунтунун ээси болуп, массалык башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган провокациялык материалдарды системалуу түрдө таратып келгени аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.К.Ж. буга чейин аныкталган мыйзамга каршы мазмундагы публикацияларга тиешеси бар экенин моюнуна алды.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты