Тигүү тармагын колдоо чаралары. Ыш маселеси
- 1 месяц мурун
Депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында тигүү тармагындагы көйгөйлөр жана ыш, газдаштыруу тууралуу маселе көтөрдү.
-Тигүү тармагын колдоо чаралары боюнча. Өткөндө биз “Ала-Тоо” депутаттык тобу тигүү тармагынын көйгөйү, аны чечүү жолдору боюнча Министрлер кабинети менен жыйын өткөрүп, кенен талкуу кылганбыз. Сиздерге рахмат, ыкчам чечимдер кабыл алынып, бир топ сунуштар: арзан пайыздык кредиттер ж.б. маселелерде ыкчам аракеттерди көрдүңүздөр. Экинчиден, мен бул жерде “Газпромдон” Алдаяров Арзымат мырзаны көрүп отурам. Ыш маселесин парламентте бир эмес, үч жолу, жыл сайын талкуулайбыз. Бишкектин тегерек-четиндеги жаңы конуштарга мамлекеттик банктар аркылуу сүйлөшүлүп, газдаштыруу маселеси ийгиликтүү ишке ашты. Ушуну Оштун тегерегине да колдонуп берсеңиздер. Газдаштыруу зарыл болуп жатат, -деди депутат Акаев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев газдын басымы жетпей жатканын, эгер, газ басымы жетишсе, аткарыла турганын айтты.
Депутат көмүр кендеринин башаламандыгын да карап чыгууну сунуштады.
Сүрөт: kenesh.kg




