Тигүү өндүрүшү жеңил өнөр жайынын 90%дан ашыгын түзөт
- 1 неделя мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Тигүү өндүрүшү 90%дан ашыгын түзгөн жеңил өнөр жайы — биздин экономикабыздын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү фактору жана өлкөнүн калкынын олуттуу бөлүгүнүн кирешесинин булагы болуп калды. Сиздердин эмгегиңиздер, ишке берилгендик, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчилигиңиздер биздин продукциялардын ички жана эл аралык рыноктордо ишенимдүү орун алып турушуна шарт түзүүдө” деп айтылат куттуктоодо.
Куттуктоодо өлкөдө тигүү жана терини кайра иштетүү тармактары ийгиликтүү иштеп жатканы белгиленди. Заманбап логистика жана технологиялык чечимдерди колдонуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык эң жогорку стандартка жооп берген продукция чыгарууга шарт түзүүдө.
Электрондук сооданын өнүгүшү өндүрүүчүлөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтти — Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болууда.
“Өзгөчө сыймык менен айта турган нерсе — биздин дизайнерлерибиз жана чеберлерибиздин чет өлкөлөрдө таанылышы. Өлкөбүздө жасалган кийимдерди атактуу дүйнө жылдыздары да тандап алып жатышат. Алардын таланты жана чыгармачыл көз карашы аркылуу дүйнө жүзү кыргыз маданиятынын байлыгын жана сулуулугун билип жатат. Эл аралык подиумдарда өлкөнү таанытып, көрүнүктүү көргөзмөлөргө жана мода шоуларына катышып, Кыргызстанды күчтүү чыгармачылык мектеби бар жана терең салттарга ээ өлкө катары оң имиджин түзүп жатышат” деди Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев.
2024-жылдын натыйжасы боюнча текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15%га өстү. Анын ичинде кийим-кече өндүрүшүнүн үлүшү 85%, текстиль өндүрүшүнүн үлүшү 12% түздү.
2024-жылы жеңил өнөр жайында 130 миңге жакын адам эмгектенген, алардын көпчүлүгү — кийим-кече өндүрүшүндө. Бул жеңил өнөр жайы жогорку экономикалык көрсөткүчтөрдү гана камсыз кылбастан, социалдык маанилүү ролду да ойноп, миңдеген кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатканын көрсөтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан