Тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын таштанды челекке ыргыткандарга айып салынды  

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы тигүү, курулуш жана башка өндүрүш калдыктарын таштанды контейнерлерине таштагандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Маалыматта айтылгандай, шаар тургундарынын тигүү калдыктарын чыгарган эки учуру катталды. Дэн Сяопин проспектисинде И.Б.Ш. тигүү калдыктарын ыргытып, ага укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү.

Т.Г.Б. аттуу жаран унаасынан көп көлөмдө кездеме калдыктарын түшүрүп жатканда 7 500 сом айып салынды.

Мындан сырткары, бул калдык түрлөрүн өрттөөгө тыюу салынары айтылды. Бул үчүн да укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,  7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып пул каралган.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты