Терррордук уюмдун кыргызстандык мүчөсү Түркиядан кармалып, алынып келинди
- 3 месяца мурун
УКМК тарабынан “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон Т.М.Ш. аттуу кыргызстандык жаран Түркиядан кармалып, өлкөгө алынып келинди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жаран Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөн учурунда, калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенип, конституциялык түзүмдү кулатууга жана “Халифат” теократиялык мамлекетти түзүүгө чакырык таштоого айыпталууда.
Жакынкы Чыгыштагы аскердик операцияларга катышуу үчүн жарандарды тартууга да шектелүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоону пландагына айтылат.
Контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүү 2026-жылдын 16-март күнү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарынын аймагында, КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, КР аймагына алынып келинип, азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




