Террористтик багыттагы кылмыштарга шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды   

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарга шектелип, издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.И.И. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, А.И.И. жана анын шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Ош облусунун тургундарынын арасынан Кыргыз Республикасынын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышкан.

2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин, А.И.И.нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган, ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен кармалган жаран качып кетүүгө үлгүргөн.

Кийинчерээк эки адам Сирияга экстремисттик-террористтик уюм тарабынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн.     

УКМК террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантып жатканын билдирди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты