“Теплые ключи” эс алуу жайында адамдарга кол салгандар кармалды

  • 8 месяцев мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгына А. Ш. аттуу  жаран “Теплые ключи” эс алуу жайындагы  30 дай адамга кол салган төрт жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. .

Маалыматка караганда, окуя 10-сентябрда болгон. Аталган төрт жаран мас абалында  саат 18:00-дөн 20:00гө чейинки убакытта эшикти талкалап киришип, «Теплые ключи» эс алуу жайында эс алып жаткан 30 чакты кишиге кол көтөрүп, санаторийдин буюмдарын талкалаган.

Кол көтөрүп жана карактагандар Чүй облустук жана Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу тарабынан кармалган жана аларга каракчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандар 1993-жылы туулган А.Б., 1995-жылы туулган А.Ч, жана.М.М., ошондой эле  1996-жылы туулган К.Э. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды.

          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты