Тепке айылындагы шайлоо участкасында 282 адам добуш берди  

  • 2 года мурун

18-ноябрда саат 20.00дө Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында добуш берүү аяктады. Ушуну менен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аталган участкада добуш берүү шайлоо жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам узартылган.

Участкалык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, №3092 шайлоо участкасында 735 адам катталган. Алардын ичинен 282 шайлоочу добуш берди.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участогунда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам шайлоо мөөнөтү эртең, 18-ноябрга саат 20:00 чейин узартылган.

17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.

Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоого саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди. Бул 1 150 931 шайлоочуну түзөт. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 4 135 039.  

Шайлоо участокторунун  97,22% нын маалыматтары боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан алты саясий партиянын бешөө өттү. Ош шаардык кеңешине беш партия өттү.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты