Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык кармаганына 23 күн болду

  • 2 месяца мурун

Бишкектеги №1 тергөө абагында “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ачкачылык кармаганына 23 күн болду.  Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Анда Султанбековдун абалы начарлап баратканы жазылган.

Эске салсак, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты