Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык кармаганына 10 күн болду
- 2 года мурун
Бишкектеги №1 тергөө абагында “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ачкачылык кармаганына 10 күн болду.
Ал 13-ноябрда укук коргоо органдары тарабынан кармалгандан бери ачкачылык жарыялоодо.
Бул тууралуу анын адвокаты А. Ирсалиев билдирди.
“Темирлан Султанбеков 10 күндөн бери ачкачылык жарыялагандыгына байланыштуу СИЗОнун санитардык бөлүмү анын ал-абалын мезгил-мезгили менен текшерүүдө. Соңку текшерүүдө анын дене табы 36 градус болгон, колу-бутунун тырмактары көгөрүп кеткен. 10 күндүн ичинде 8 килограммга арыктаган. Дененин нормалдуу табы 36,6 градус. Эгер дене табы дагы төмөндөй берсе, жүрөгү, нерв системасы адаттагыдай иштей албай калат, анын үстүнө көп күндөн бери ачкачылык кармап жатса, кычкылтек да жетишсиз болсо” деп билдирди адвокат.
Темирлан Султанбековдун атасы уулунун коопсуздугу үчүн бийлик жооптуу болорун билдирди.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан




