“Темирлан Султанбековдун дебатка катышуусу — мыйзам бузуу”. Текшеребиз

11-ноябрдан 19-ноябрга чейин КТРК телеканалы парламенттик шайлоого аттанган партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда түз эфирде тегерек стол уюштурган. Берүүнүн 19-ноябрдагы чыгарылышына “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Али Токтакунов, “Улуу Журт” партиясынын өкүлү Кеңешбек Алымбеков жана “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков катышкан.

Бүгүн, 23-ноябрда жарандык активист Атай Бейшенбек уулу өзүнүн “Фейсбук” баракчасында Темирлан Султанбековдун аталган программага катышуусу мыйзамсыз болгонун жазып чыкты

“Темирлан Султанбековдун дебатка катышуусу - мыйзам бузуу”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү. 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 5-главасында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн тартиби көрсөтүлгөн. Аталган мыйзамдын 22-беренесине (Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү) ылайык, бүтүндөй өлкөнүн аймагында иш алып барган телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга) саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлер гана катыша алышат. Талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт. 

“Темирлан Султанбековдун дебатка катышуусу - мыйзам бузуу”. Текшеребиз

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобосунда дагы “Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына, ошондой эле регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга катталган талапкерлер, саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат” деп жазылган. 

“Темирлан Султанбековдун дебатка катышуусу - мыйзам бузуу”. Текшеребиз

Ал эми “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга жашы жетпегендигине байланыштуу талапкерлердин тизмесине кирген эмес

Шайлоо мыйзамынын 59-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болчу жаран шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон болушу керек.

“Темирлан Султанбековдун дебатка катышуусу - мыйзам бузуу”. Текшеребиз

Ал эми Султанбеков ушул жылдын 12-сентябрында 23 жашка толгон.

Жыйынтык: “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун коомдук телеканалда түз эфирде көрсөтүлгөн “Тегерек стол” берүүсүнө катышуусу мыйзамсыз болгону анык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты