Темирлан Султанбеков тергөө абагында ачкачылык кармоону улантууда

  • 2 года мурун

Бишкектеги №1 тергөө абагында “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармоону улантып жатат. Ал 13-ноябрда укук коргоо органдары тарабынан кармалгандан бери ачкачылык жарыялоодо.

Бул тууралуу социалдык тармактарга партиялаштары билдирүүдө. Маалыматты анын адвокаты Айбек Турдуев “Азаттыкка” ырастады.

Адвокаттын айтымында, биринчи үч күн Темирлан Султанбеков суу да ичкен эмес, эми суу иче баштады жана тергөө абак жайынын медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.  

Темирлан Султанбековдун атасы уулунун коопсуздугу үчүн бийлик жооптуу болорун билдирди.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Cүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты