Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду
- 2 месяца мурун
Тергөө абагында жаткан “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда партиянын лидери президенттин социалдык тармактардагы, ЖМКдагы бардык маселеде жооп берерин белгилеп, бирок Султанбековдун ишинде унчукпай жатканын, өздөрү тараптан добуш сатып алуу болбогонун айтты.
“Добуш сатып алуу айыбына Ирина Карамушкинанын Назар Ниязовго 15 миң сом берүү тууралуу бир телефон аркылуу сүйлөшүүсү “далил” болуп жатат. БШКнын сайтын ачсаңыз, биздин чыгымдар тууралуу маалыматта Ниязовго 15 миң сом айлык катары берилери жазылып турат (talapker.shailoo.gov.kg). Көпчүлүк партияларда айлык акы 2-5 миң деп жазылып турат, андай айлык эчак эле жок. Биз айрым партиялардын добуш сатып алуу фактысын видео-фотофакт менен бергенбиз” деп жазды ал.
Султанбеков Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясына жазган алардын даттануусу четке какканын билдирди.
“Өзүбүздү отургузуп коюшса, өкүлүбүздү суракка алып кетишсе, техниканы алып коюшса, кантип даттанат элек? Ошондо дагы биз мыйзамда белгиленген мөөнөттө арыздандык, БШК арызыбызды караш керек болчу” деди социал-демократтардын лидери.
“Мен добуш сатып алуу боюнча, калп детекторунан дагы өтүүгө даярмын” деди Султанбеков.
“Мен сизге душман эмесмин, мени душманга айландырбаңыз” деди ал кайрылуунун акырында.
Темирлан Султанбеков 11 күндөн бери тергөө абагында ачкачылык кармоодо.
Темирлан Султанбековдун атасы уулунун коопсуздугу үчүн бийлик жооптуу болорун билдирди.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан