Темиркул Балтабаев мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп шайланды
- 8 месяцев мурун
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин жыйынында 18-июнда башкарманын жаңы төрагасы болуп Балтабаев Темиркул шайланды.
Ал буга чейин “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.
Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында маалымат жарыяланды.
Сүрөт: gik.kg
Муну бөлүшүү