Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
- 12 месяцев мурун
Президент Жапаровдун жакын тууганынын атын жамынып, 500 миң АКШ долларын ээлеп алган курулуш компаниясынын ээси кармалды.
УКМК басма сөз кызматы маалымдагандай, 2023-жылы курулуш компанияларынын биринин ээси М.А.Ш., жер тилке ээси К.К.О аттуу жаран менен көп кабаттуу турак жай комплексин үлүштүк негизде куруу келишимин түзгөндүгү аныкталган.
Бирок 2024-жылы мамлекеттик органдар тарабынан сот органдарына жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө доо арыз берилип, мындан улам К.К.О. го таандык турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылган. М.А.Ш. жер тилкесине тиешелүү маселелерди биротоло чечүү үчүн президенттин жакын тууганына берүү зарылдыгын шылтоолоп, К.К.О.дон 500 миң АКШ долларын алган.
М.А.Ш. 500 миң АКШ доллар акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алгандыгы такталып, ал 2025-жылдын 11-июль күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесине камакка алынды.
Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




