Фархат Иминов виртуалдык активдер жана блокчейн боюнча улуттук кеңештин жетекчиси болуп дайындалды

  • 10 месяцев мурун

Фархат Иминов мурдагы кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди.

Фархат Иминов буга чейин инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп иштеген. Ал эми Равшанбек Сабиров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Сүрөттө: Фархат Иминов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты