УКМК: Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды
- 1 год мурун
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. жаслама дипломду пайдаланууга шектүү катары кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуунун акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К.А. кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




