Темир жолдо туристтик поезд терезелерине таш ыргытуу окуясы териштирилүүдө

  • 1 месяц мурун

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 8-апрелде саат 22:00 чамасында Кант — Аламүдүн темир жол тилкесинде болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Маалыматта айтылгандай, белгисиз адамдар туристтик поезддин вагондорунун терезелерине таш ыргытып, талкалашкан.  Поезд Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан чыгып, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген туристтерди ташып бара жаткан. 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы темир жол боюндагы калктуу конуштардын жашоочуларын жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга чакырат. Темир жол кыймылынын коопсуздугуна шек келтирген же жүргүнчүлөр менен темир жол кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан ар кандай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде караларын эскертет.

Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты