Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөн криптовалюта ээлери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) УКМК тарабынан 4-мартта Бишкек шаарында Telegram мессенжери аркылуу «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңги заттарын  сатып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан  көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңги заты табылып алынды.

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана криптоалмаштыргычтар аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн  КР  беш жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөн криптовалюта ээлери кармалды
Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөн криптовалюта ээлери кармалды
Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөн криптовалюта ээлери кармалды
Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөн криптовалюта ээлери кармалды
Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөн криптовалюта ээлери кармалды

Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты