Тегеран «Азаттыктын» иран кызматын санкциялык тизмеге киргизди

  • 1 год мурун

Ирандын бийлиги 30дан ашык кишиге жана уюмга каршы санкцияларды киргизиди. Алардын арасында «Азаттыктын» иран кызматы (Radio Farda) да бар.

Иран өкмөтү мындай чечимди Европа Биримдиги (ЕБ) Тегеранга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизет деп күтүлүп жатканда кабыл алды.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Насер Канаани Европа «Ирандын ички ишине кийлигишип жатканын» белгилеп, «өлкөдөгү азыркы саясий жана экономикалык аныксыздык үчүн Европа жооптуу экенин» билдирди.

Анын айтымында, жаңы санкциялык тизмеге 32 киши жана уюм киргизилди. Алардын арасында MI5 деп аталган британ ички агенттигинин башчысы Кен МакКаллум, Улуу Британиянын коргонуу штабынын башчысы Тони Радакин, Франциянын мурдагы тышкы иштер министри Бернар Кушнер жана бир нече немис саясий ишмерлери бар. Мындан тышкары тизмеге Radio Farda жана сатиралык Charlie Hebdo француз журналы кирген. Канаани бул санкциялар дароо күчүнө киргенин кошумчалады.

Санкцияга ылайык, тизмедеги адамдардын Иранга кирүүсүнө тыюу салынып, алардын бул өлкөдөгү мүлктөрү менен активдери конфискацияланат.

«Radio Farda’нын санкциялык тизмеге киргизилиши – бул чындык менен маанисиз манипуляция кылуу. Чыныгы реалдуулук – иран режими жаркын келечек үчүн акцияга чыгып жаткан эркектерди, аялдарды жана балдарды күн сайын өлтүрүп жатат. Ал курмандыктарды айыптап, алардын үй-бүлөлөрүнө катаал мамиле кылууда. Буга карабастан булактар менен аудитория Radio Farda’ны ишенимдүү булак катары угуусун улантууда» деди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты