Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Акылбек Кылычев Кыргыз Республикасынын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошону менен бирге Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү да болуп дайындалды.
Буга чейин Кылычев Дипломатиялык академиянын ректору болуп иштеген.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




