“Теңир-Тоо сити” турак жай комплексине капсула салынды
- 2 года мурун
“Теңир-Тоо сити”( “Тянь-Шань Сити”) турак жай комплексине, ошондой эле Нарын шаарындагы Калкты тейлөө борборунун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
“Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана шаардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында жер бөлүнгөн, куруучу – Кашкар шаарынан “Цзиньюань Фанди” курулуш компаниясы. Турак жай комплекси он кабаттуу 6 блоктон турат. Компания өкүлдөрү бир жылдын ичинде сапаттуу, заманбап турак жайларды куруп бүтүрүүгө убада беришти. Мындан тышкары, ушул эле компания бардык мамлекеттик кызматтарды камтыган административдик имаратты куруп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт” деди Акылбек Жапаров.

Нарын обулусунда унаа куроочу, светодиоддук лампа чыгаруучу, кагаз буюмдарын чыгаруучу жана айыл чарба дрондорун чыгаруучу төрт ири заводдордун курулушуна да капсула салуу аземи өттү.
Сүрөттөр: gov.kg




