Нарында төрт ири завод курулат
- 2 года мурун
Нарын обулусунда унаа куроочу, светодиоддук лампа чыгаруучу, кагаз буюмдарын чыгаруучу жана айыл чарба дрондорун чыгаруучу төрт ири завод курулат. Аталган заводдордун курулушуна капсула салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “Нарын Шумкар” унаа куроочу заводуна 130 млн доллар инвестиция тартылат. Заводдо 10 миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, жылдык өндүрүш көлөмү 20 миңден ашык автоунааны түзөт.
Ал эми “Нарын чырак» светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 млн доллар инвестиция тартылып, жылына 30 миллион лампа чыгарып, 200гө жакын жумуш орундарын түзүү пландалган.
“Нарын кагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушуна 10 млн доллар жумшалып, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумушчу орундарын түзүү пландалганы айтылды.
Ошондой эле “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берери маалымдалды.
Маалыматка ылайык, аталган заводдор “Нарын СЭЗ — Кашкар СЭЗ” индустриалдык паркында жайгаштырылат.
Акылбек Жапаров иш-чарада сөз сүйлөп, бүгүнкү кадамдар Садыр Жапаровдун стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлган Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы экендигин билдирип: «Бүгүнкү иш-чара биздин коңшубуз Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелердин жаңы, жогорку деңгээлге чыкканынын белгиси»,- деп айткан.
Ошондой эле МинКабдын төрагасы «жылдын аягына чейин дагы 100 объектти ачуу пландалып жатканын, ачылган ишканалардын көбү өндүрүштүк, анын ичинде Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборундагы “Нарын мото” компаниясы, мык чыгаруучу завод жана башка ишканалар» экендигин айткан.
Сүрөт: gov.kg




