Кытайдан атчан келген кыргыз кыздарын кыргызстандыктар тосуп алышты
- 2 недели мурун
- Видео
25-майда “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан атчан сапар тартып келе жаткан этникалык кыргыз кыздар — Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы Кыргыз Республикасынын аймагына кирип келишти.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Меймандарды Нарын облусунда жергиликтүү тургундар жана расмий өкүлдөр кыргыз элинин салт-санаасына ылайык салтанаттуу тосуп алышты. Аларга нан, боорсок жана сары май тартууланып, кыргыз элинин меймандостугу жана улуттук баалуулуктары көрсөтүлдү.
Кыздарды президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жана жергиликтүү тургундар тосуп алышты.
Маалыматка ылайык, Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан атчан жолго чыгышкан. Алар Нарын аркылуу Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң аймагына барып, андан соң Чүй облусу аркылуу Бишкек шаарына келишет.
Бул сапар улуттук тамырды, тарыхый байланышты жана кыргыз элинин маданий биримдигин даңазалаган символикалык демилге катары бааланууда.
Сүрөт: Видеодон алынды




