Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди

  • 6 месяцев мурун

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода 26-октябрда  Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Кохир Расулзоданы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Кохир Расулзода 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Ал жыйындарга катышуу үчүн ШКУ, КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 25-октябрда Бишкек шаарына келишти. Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов 25-октябрда Бишкекке келген

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты