ШКУ, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкекке келди

  • 6 месяцев мурун

26-октябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындары, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Ал жыйындарга катышуу үчүн ШКУ, КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 25-октябрда Бишкек шаарына келишти. Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов 25-октябрда Бишкекке келди.

Меймандарды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты