Тажикстандын бийлиги чек арада 41 жараны каза болгонун билдирди

  • 2 года мурун

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди.

Ошол эле маалда ал өлгөндөрдүн канчасы жай тургун жана канчасы аскер кызматкери экенин тактап айткан жок.

«Бул акыркы сан эмес. Жараат алган бир нече адамдын абалы оор бойдон калууда, азыр дарыгерлер алардын өмүрү үчүн көрүшүүдө», – деди Имоми.

18-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында 30 жай тургун, анын ичинде эки бала жана бир кош бойлуу келин өлгөнүн билдирген.

Буга чейин Тажикстандын демократиялык партиясы (лидери тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты) 60 киши каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алганын айткан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы расмий маалыматына ылайык, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык, анын ичинде 40 аскер кызматкери мерт болуп, 164 киши жаракат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты..

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты