Тажикстандан Орусияга 229 кг маңзат алып бараткан жүк унаасы кармалды

  • 2 года мурун

Өзбекстандын мамлекеттик бажы комитети өлкө аймагы аркылуу Тажикстандан Орусияга маңзат алып өтүүгө аракет кылган адамдар колго түшкөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-февралда өзбек-тажик чек арасындагы «Ойбек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде Тажикстандан Орусияга бараткан жүк ташуучу унаа текшерилген. Андан жалпы салмагы 229 килограммды түзгөн 232 таңгак героин заты табылган.

Бул Өзбекстандын бажы кызматкерлери Тажикстандан келаткан автоунаалардан маңзатын тапкан алгачкы учур эмес. 2021-жылы ноябрда Тажикстандан Орусияга 20,8 тонна жүзүм алып бараткан жүк автоунаасы «Ойбек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде текшерилип, 149,75 килограмм кара куурай чайыры, 4,44 килограмм апийим, жана 1,52 килограмм героин табылган.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты