Тажикстанда Түркияга жаңы транспорттук коридор ачылды

Тажикстандын Куляб шаарында Түркияга жүк ташуучу поезддерди жөнөтүп туруучу транспорттук түйүн ачылды.

Өткөн жумада бул түйүндөн түрдүү товарлар жана азык-түлүк жүктөлгөн алгачкы поезд жөнөп кетти. Ал Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ирандын аймагы аркылуу өтүп, Түркияга барат.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, Куляб шаарындагы бул түйүндөн Түркияга негизинен Кытайдан келген товарлар жөнөтүлүп турат. Ошол эле маалда ал түйүн аркылуу тажик ишкерлери да өз өндүрүмдөрүн Европага экспорттоо мүмкүндүгүнө ээ болушат.

КМШ Жолчулар кеңешинин өкмөттөр аралык катчылыгынын башчысы Бури Каримовдун айтымында, бул каттамдын долбоору Түркмөнстанда өткөн эл аралык конференцияда иштелип чыккан.

«Ал конференцияга деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн министрлери чогулган. Бул идеянын үстүнөн бир ай мурда иштей баштап, бүгүнкү күндө долбоор ишке ашып отурат. Эми Кытайдан башка өлкөлөргө жана тескерисинче, башка өлкөлөрдөн Кытайга жүктөрдү ташый алабыз» деди ал.

Аткаминердин айтымында, бул долбоорго Куляб шаары Кытайга жакын жайгашкан темир жолу бар жалгыз калаа болгондуктан тандалып алынган. Кытай чек арасынан Кулябга чейин Тоолуу Бадахшан автоном облусу аркылуу өткөн бир гана автоунаа жолу бар.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты