Тажикстан ТИМи тажик баланын кол салуудан кийин көз жумганы боюнча Россия элчисине нота тапшырды
- 2 месяца мурун
Тажикстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москва облусунун Одинцово шаардык округунун Горки-2 поселогундагы Успенский мектебинин 4-классынын окуучусу — тажик бала Кобилжон Алиевге улуттук кастыктан улам, мектептеги кол салуу боюнча окуяны айыптарын билдирди. Анын кесепетинен 4-класстын окуучусу Кобилжон Алиев окуя болгон жерден көз жумган.
Тажикстан ТИМи Тажикстандын жашы жете элек жаранынын көз жумгандыгына байланыштуу баланын ата-энесине жана жакындарына көңүл айтты.
“Ушул окуяга байланыштуу Россиянын Тажикстандагы элчиси С. Григорьев Тажикстанга чакырылып, ага Россия тараптан токтоосуз, объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүүнү, окуяга тиешеси бар жарандарды жазага тартууну талап кылган нота тапшырылды” деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын Россиядагы элчилигине көз жумган баланын жакындары менен тыгыз байланышта болуп, кайгылуу окуяны көзмөлгө алуу жагы тапшырылды.
Бул каргашалуу окуя 16-декабрда Москва облусундагы Одинцово районундагы Горки-2 айылындагы мектепте болгон. 15 жаштагы Тимофей окуу жайга бычак менен кирип кол салган, анда күзөтчү менен 10 жаштагы бала жарадар болуп, андан кийин көз жумган.
“Озоди” радиосунун маалыматына караганда, Кобилжондун апасы аталган мектепте пол жууп иштечү. Үч жыл мурун күйөөсү каза тапкандан бери эки баласын өзү чоңойтуп келаткан.
Кол салган Тимофейдин өз кылгандарын видеого тартканы тууралуу маалымат тарады. Анда балдарды ээрчитип бараткан мугалимден алардын улутун сураганын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен кылмыш иш козголгону маалым болду.
Сүрөт: Тажикстан ТИМи. mfa.tj




