Тажикстан Кыргызстанда соттолгон эки тажик жаранын эркиндикке чыгарууну убадалоодо

  • 2 года мурун

Тажикстандын бийлиги былтыркы чек ара чырынан кийин Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилип, кийин жазасы жеңилдетилген соң Душанбеге өткөрүлүп берилген эки тажикстандыкты эркиндикке чыгарууну убадалоодо. Бул тууралуу «Озоди» радиосуна алардын туугандары билдиришти.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Баткен облусунун Лейлек райондук соту аларды «Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазасын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Быйыл июнда Кыргызстан Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп бергени кабарлаган. Учурда алар Хожент шаарындагы убактылуу кармоочу жайда камакта отурушат.

Жакындарынын айтымында, Абдукаххоров менен Юнусовдун ишин Тажикстандын Башкы прокуратурсы тергеп жатат.

Абдукаххоровдун жубайы Наргис Жабборова эки жума мурда Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн бири жакында күйөөсү менен Аскар Юнусов эркиндикке чыгарыларын айтканын билдирди.

«Мекеменин өкүлү Абдурозик менен Аскар жакында эркиндикке чыгарын, борборго келүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты. Бул кабар бизди аябай кубандырды. Мен Хожентке барып, аларга бул кабарды жеткирдим», – деди Жабборова.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Тажикстандын жарандары, бирок Кыргызстандын Борбордук айылында жашашат. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат, бирок чек аралар жабылгандан кийин эч ким жолдун экинчи тарабына өтө албай калган.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кармашкан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону  расмий кабарлан.  Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Сүрөттө: Абдурозик Абдукаххоров

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты