Тажикстан кыргыз жаранына ок аткан чек ара кызматкерлерин жазалоону убадалады

  • 2 года мурун

Тажикстан Кыргызстандын жаранына ок аткан чек ара кызматкерлерин жазалоого убада берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат – Жаштык унаа жолунда чыккан жаңжал боюнча жолугушуу өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө тажик тарапка болуп өткөн окуя тууралуу маалымат берилди.

“Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик чек арачыларынын аракеттерин жана алардын курал колдонуусунун мыйзамсыз экенин моюнга алышты. Тажик чек ара өкүлдөрү жаңжалдуу фактыга жол берген чек ара кызматкерлери жоопкерчиликке тартыла турганын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Окуяны Тажикстандын Аскер прокуратурасы иликтейт.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-декабрда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы Максат айылына жакын жерде — Жаштык—Максат унаа жолунда бараткан автоунаага «ок атылды» делген тасма соцтармактарга тараган. Кийинчерээк Кыргызстандын Чек ара кызматы окуянын чоо-жай тууралуу маалымат берип, тажик чек арачылары аталган аймакта кетип бара жаткан кыргыз жаранынын унаасына ок атышканын тастыктаган.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, жакынкы арада тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын мамлекеттик чек арадагы жүрүм-туруму боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты