Чек ара кызматы ок атуу окуясын түшүндүрдү    

  • 2 года мурун

Чек ара кызматы бүгүн, 22-декабрда, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу окуясынын чоо-жайын айтып берди.

-Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан.

Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КамАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнект сынып, ал сыныктан айдоочу жаракат алган,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек арачылары жолугушкан.

Бүгүн Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде — Арка — Максат жолунда бараткан автоунаага «ок атылды» делген тасма соцтармактарга тараган.

1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан.

Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылган окуя катталганын кабарлады. Анда Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу чырга айланып, тажик күч кызматкерлери “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок чыгарышкан. 

Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты