Тажик мигранттары Орусиядагы ксенофобиялык агрессияга кабатыр

  • 1 месяц мурун

Орусиядагы тажикстандык мигранттар Москвадагы соңку окуядан кийин аларга карата ксенофобиялык (улутуна байланыштуу чочулоо, жерүү, күч колдонуу) мамиле күчөгөнүн, көбү көчөгө чыгуудан коркуп турганын айтып арызданып жатышканын 24-мартта «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Алар Алыскы Чыгыш аймагындагы Амур облусунун Благовещенск шаарында мигранттар иштеткен кафе өрттөлгөнүн, Калуга шаарында Тажикстандын үч жаранын белгисиз бирөөлөр көчөдөн сабап кетишкенин, бири ооруканага жаткырылганын, бир катар шаарларда кардарлар тажик улутундагы такси айдоочуларынын кызматынан баш тартып, буюртма бергенден кийин тажикстандык экенин укканда өчүрүп коюп жатышканын айтып беришти.

Тажикстандын Восей районунун тургуну 23-мартта Москвада анын эки бир тууганын жана уулун кармап кетишкенин, алар менен байланыша албай жатканын билдирди.

«Үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери менен алектенишчү, ал эми уулум наабайчы. Аларды тажикстандык башка жарандар менен кошо кармап кетишиптир» деди ал.

«База» телеграм каналы мигранттарды кошумча текшерүү үчүн полиция жана башка күч кызматкерлеринен турган атайын топтор түзүлгөнүн, алар жатаканаларды, ишканаларды текшерип, жолдо бараткан машиналарды токтотуп, документ текшерип жатышканын жазды.

Пенза шаарынан байланышка чыккан мигранттардын бири кайра Тажикстанга кайтууну көздөп жатканын айтып берди.

Орусияда иштеген, үй-бүлөсүн көчүрүп барып, бул өлкөнүн жарандыгын алып жашап жаткан тажикстандыктар жүз миңдеп саналат.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, аткылай баштаган видео социалдык түйүндөргө ошол замат тараган. Ал видеолордон адамдар залдан чыгып, туш келди качып, жетишпей калгандары ошол жерден өлтүрүлүп жатканын, көп өтпөй имаратты өрт каптаганын көрүүгө болот.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаганын билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин, “тийиштүү байланыштары бар” Украинанын чек арасынан өтүп кетүүнү пландап жатышканын, баары Москвага жеткирилгенин маалымдады.

Москва шаарынын Басман райондук соту “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты