Чоң-Чүй каналына агып кеткен үч киши изделүүдө
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 30-декабрда, баштапкы маалымат боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн-1 кичи району тарапта Чоң Чүй каналына 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Аларды издөө жана куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, Чоң-Чүй каналына түшхп кеткен үч киши — “Тазалыктын” кызматкерлери.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




