Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч кишинин биринин сөөгү табылды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 30-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн-1 кичи районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч кишиин (аты-жөндөрү такталууда) биринин сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аларды издөө жана куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ал эми саат 12:18де Аламүдүн райондук №1 Өрттөн куткаруу кызматынан 3, жалпы 8 куткаруучу тартылды. Издөө иши активдүү улантылууда.
Учурда бир жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Калган экөөнүн сөөгү ИИМ кызматкерлеринин жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча жеринде изделип жатат.
Социалдык тармактарда сууга түшүп кеткен адамдар «Тазалык» кызматкерлери экени айтылууда.
Буга чейин бүгүн, 30-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн кичи районундагы Чоң Чүй каналына үч киши агып кеткени маалымдалган.
Сүрөт: ӨКМ




