Тазабек Икрамов: «Журналисттердин үйүн тинтүү, суракка алуу сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет»

  • 4 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Фейсбук расмий баракчасы аркылуу журналисттердин үйүн тинтүү, суракка  алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирди.

-Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24.kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин баш аламандык уюштурууга чакырык шеги менен үйүнө тинтүү жүргүзүлүп жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барышат деп ишенем, — деп жазды Тазабек Икрамов.

16-январдын таңында «ПолитКлиника», Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык тармактардагы баракчалардан жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алган.  

-Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.  

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү менен  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.

Милиция Темиров LIVE долбоорлорунун кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты