Тазабек Икрамов Афинада грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыктуу болду

  • 6 месяцев мурун

Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов күмүш медаль жеңип алды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Дүйнөлүк чемпионатта Икрамовдун атаандаштыры Иран, Казакстан, Польша балбандары болду. Ал баарын тең жеңип, финалга чыккан. Финалда швециялык балбанга алдырып койду.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты