Тазабек Икрамов: Ачык пикир айткандарды камоо менен маселе чечилбейт

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 23-октябрда, оппозициялык маанайдагы бир катар саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтүүгө алып жана кармалышына каршы пикирин билдирди.  

«Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрүн, жарандык активисттерди, оппозициялык маанайдагы саясатчыларды жекшемби күнү таң эрте үйүн тинтүүгө алуу демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузуу болуп эсептелет. Саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет!. Ачык пикир айткандарды антип камоо менен маселе чечилбейт. Маселе эл менен эсептешкенде гана чечилет, деди Тазабек Икрамов.

Бүгүн, 23-октябрда, бир катар саясатчылардын, активисттердин, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бир тобунун үйү тинтилип, ички иштер бөлүмдөрүнө алынып кетип жатканы кабарланган. Аларга жапырт баш-аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү беренеси боюнча айып тагылууда.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, К.Исаев, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөт: kenesh. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты