Таза суу талап кылып жол тосууга шектелгендер боюнча кийинки сот эртең болот. Прокурор аларды камоону сурап жатат

  • 5 месяцев мурун

Чүй облусунун Селекция айылында таза суу талап кылып жолду тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаковдун, аталган айыл тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун соту боюнча кийинки отурум 20-ноябрда болот.

16-ноябрда Сокулук райондук соту алардын ишин карады.  

Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сотто айыптоочу тарап Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сурады.

Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини суракка чакырган.
Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең «жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган» деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.
Кармалгандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпка макул болгон эмес.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты