“Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун чет элдик жарандары кармалды

  • 1 год мурун

17-апрелде Өзбекстанда издөөдө жүргөн, “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстан жарандары М.З. жана М.Ф. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн.

Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү») боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты