Таштандыдан табылган ымыркай: Энеси эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан коё берилди  

  • 5 месяцев мурун

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан коё берилди.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  Октябрь соту райондук ички иштер бөлүмүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү талабын канааттандырды\

Кылмышка шектүү ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан бошотулду.   

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча ымыркайды өлтүрүүгө аракет боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жүргүзүлгөн иш-чара учурунда 2002-жылы туулган А. С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  

Ал эми ымыркай №1 төрөт үйүнө жайгаштырылган. №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, ымыркайдын абалы туруктуу, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.  

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кыхматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты