Таштандыдан табылган ымыркайга медициналык жардам көрсөтүлүүдө

  • 6 месяцев мурун

Бишкектин Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков таштанды челектен табылган баланы көрүүгө барды. №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, ымыркайдын абалы туруктуу, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.  

Ымыркай жаткан борбордогу №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, ага дарыгерлердин тийиштүү медициналык жардамы  берилген.

Район башчысы тарабынан балага керектүү буюмдарды алып барды.

Бишкек шаарынын мэриясы “Жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, андан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө жазуу жүзүндө баш тартуу жаза алаарын же аны каалаган убакта Бишкек шаары, Белfрус көч., 121-үй. дареги боюнча жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна калтыра аларын эскертет.

Ошондой эле Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылса болорун” эскертти.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча ымыркайды өлтүрүүгө аракет боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жүргүзүлгөн иш-чара учурунда 2002-жылы туулган А. С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты