Таштанды заводунан өндүрүлгөн электр энергияны электр тармактар ишканасы сатып алат

  • 1 месяц мурун

Таштандыны кайра иштетүү заводунан өндүрүлгөн электр энергияны Кыргызстан улуттук электр тармактар ишканасы сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

— Бишкек шаарынын таштанды заводунан чыккан электр энергиясын Улуттук электр тармактар ишканасы сатып алат. Завод 25-27 мегаваттка чейин электр энергиясын линияга берип жатат. Заводдун жакшы жагы -күн, шамал электростанциясына караганда 24 саат иштейт. Бул жерге 110 вольттук подстанция курулган. Кызыл-Аскер башкы станциясына кошулуп, электр энергиясын берип жатат. Бишкек шаарынын электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгүн жабат же Кемин же, Панфилов районуна окшогон бир райондун электр энергиясын жапкан кубаттуулукту чыгарууда,-деди Таалайбек Ибраев.

27-декабрда Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводунун ачылыш аземи болду. 

Долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду.

Салыштырмалуу айта турган болсок, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар.

Ал завод азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артарын айтты.

Ошентип, бир четинен таштандыны иштеткен, экинчи четинен электр кубатын өндүргөн заводдо жаңы жумуш орундары да түзүлөт.

Сүрөттө: Таштанды иштетүүчү завод. bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты