Бишкекте тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү завод ишке киргизилди
- 1 месяц мурун
27-декабрда Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводунун ачылыш аземи болду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Анда президент Садыр Жапаров өз сөзүндө шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштеп келгенин эске салды. Ушул убакыт бою бул жайга 20 миллион тоннадай таштанды топтолгон.
Президент белгилегендей, көп жылдар бою өлкөнүн борбору катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча курч көйгөйгө туш болуп келген: күн сайын 1,5 миң тоннага чейин таштанды чыгарылып, бул Бишкектин экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Бул көйгөй, бир топ жылдан бери көтөрүлүп, бирок системалуу чечилбей келген.
Маселени чечүү үчүн алдыңкы эл аралык тажрыйба, анын ичинде Кытайдын тажрыйбасы изилденди. Бишкек мэриясынын делегациясынын Чанша шаарына болгон иш сапарынын жана таштандыларды комплекстүү кайра иштетүү жана экологиялык долбоорлор боюнча адистешкен «Хунань Цзюнсин» жогорку технологиялык компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча стратегиялык чечим кабыл алынды.
2024-жылы Министрлер кабинети “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” компаниясы менен таштандыларды кайра иштетүү жаатында заманбап жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди киргизүүгө багытталган инвестициялык макулдашууга кол койгон.
“Бүгүн биз ачып жаткан эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана болмокчу. Мындай заводдун курулушу менен борбор калаабыздын экологиялык абалы олуттуу түрдө жакшырат, жергиликтүү элди электр кубаты менен камсыздоо маселесине дагы салым кошот”деди мамлекет башчы.
Долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион АКШ долларын түзөт. Заводдун курулушуна 12 гектар жер берилген, бардык каражаттар инвестор тарабынан каржыланды.
2020-жылга чейин бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа өлкөлөрүнөн 22 миллион евро тартылган. Бирок бул сумманын 16 миллион евросу максаттуу пайдаланылбай, натыйжада заводдун курулушу башталган эмес.
Мамлекет башчы 6 миллион евро банктык эсептерде калганын айтты. Бул каражат инвесторлорго кайтарылган. Ал эми калган 16 миллион еврону Бишкек мэриясы төлөп жатат.
“Завод долбоордо көрсөтүлгөн 2 жылдык мөөнөттүн ордуна, 1,5 жылда курулуп бүттү. Бул долбоордун концессиялык мөөнөтү 35 жылды түзөт. Бул убакыт бүткөн соң завод толугу менен мамлекеттин карамагына өтөт.
Долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду.
Салыштырмалуу айта турган болсок, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар.
Ал завод азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артарын айтты.
Ошентип, бир четинен таштандыны иштеткен, экинчи четинен электр кубатын өндүргөн заводдо жаңы жумуш орундары да түзүлөт.
“Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу менен дал ушундай таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да курулмакчы. Бул багытта аталган компания менен инвенстициялык келишим түзүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.
Президент Садыр Жапаров “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест”жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дай Даону Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводун куруу долбоорун ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнүн толук технологиялык цикли менен кеңири таанышты. Президентке калдыктарды кабыл алуу жана түшүрүү зоналары, заманбап жогорку температуралуу мештерди колдонуу менен термикалык кайра иштетүү (күйгүзүү) участкасы, ошондой эле электр энергиясын өндүрүү жана экологиялык параметрлерди сактоону камтыган бардык өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жүргүзүлүүчү заводдун борбордук башкаруу пункту көрсөтүлдү.
Сүрөт: president.kg




