Ташкентте узун сакалга каршы кайрадан рейддер өтүп жатат

  • 3 месяца мурун

Эл арасында “Малика” деген ат менен таанымал Ташкенттеги электроника базарында сакал коюуга каршы кезектеги рейд жүрүп жатканы кабарланды.

Базардагы ишкерлердин «Озодликке» билдиришинче, акыркы жолу рейд 2-февралда болуп, кеминде 10 адам кармалган. Кармалгандар Ташкенттин Шайхантахур райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

– Аларды же сакалыңды аласың, же 15 күнгө түрмөгө отурасың деп коркутушкан, — дейт ишкерлердин бири.

«Малика» базары жайгашкан аймакка жооптуу тилкелик инспектор базарда сакал коюуга каршы рейд жүрүп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

– Жума намаз учурунда кандайдыр бир окуя болуп кетпеши үчүн аймакты кайтарабыз. Бул үчүн эл бизге ыраазычылык билдирет. Балким ошол күндөрү сакалчан уурулар кармалса керек. Шайхантахур районунда динге ишенгендер көп, алар бейкапар намаз окушат, эч ким тоскоолдук кылбайт, — деди инспектор.

Соңку жылдары «Малика» базарында маал-маалы менен рейддер өтүп, ондогон кишилер кармалып, милиция бөлүмүнө жеткиргенден кийин сакалдары күчтөп алдырылган. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуулукка каршы күрөштү жарандардын диний ишенимдерин басмырлоого теңебөөгө чакырган.

Сүрөттө: “Малика” базары. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты