Ташкентте Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелери, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү талкууланды.
Тараптар туруктуу өнүгүүнү жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, эки жана көп жактуу форматта да өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тилине которулган «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» аттуу китепти тапшырды.
Мамлекет башчы Ташкентте Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат.
Сүрөт: president.kg




