Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу өтөт
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча 15-16-ноябрда Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аймактык өз ара аракеттенүү келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу пландаштырылган.
Сүрөт: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




